Америкалык фотомодель жана актриса Памела Андерсон 50 жашка чыкты. Ал 1967-жылы 1-июлда Канадада төрөлгөн. 1985-жылы мектепти аяктап, Ванкуверде дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштей баштаган. 1989-жылы алгачкы жолу "Playboy" журналына сүрөтү жарыяланып, ошондон тарта Playboy TV каналына чыга баштаган. Ал эми 1992-жылдан баштап "Малибунун куткаруучулары" ("Спасатели Малибу") сериалына тартылып, Американын секс-символуна айланган.
Жеке жашоосу
Памела Андерсон биринчи жолдошу музыкант Томми Ли менен 1995-жылы баш кошуп, эки уулдуу болушкан. 3 жылдан кийин экөө ажырашып, актриса Маркусос Шенкенберг аттуу модель, шоумен менен жарандык никеде жашаган. 2003-жылы Кид Рок деген белгилүү ырчыга турмушка чыгып, 3 жыл чогуу жашаган. 2007-жылы Андерсон кинопродюсер Рик Саломон менен үй-бүлө куруп, бир жылдан кийин ажырашып кеткен. 2014-жылы экөө кайрадан баш кошуп, бирок бул нике бир жылга гана созулган.
1-июлга карата жылнаама.