"Суперфутбол-2013" мелдеши уланууда. “О!” жана “Келдике” командалары беттешип, оюндун 1-бөлүгү 2:0 эсебинде соңуна чыкты. Бул ортодо көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп, Гүлжигит Сатыбеков “Исфана” аттуу ырын аткарып берди. Ал эми беттештин 2-бөлүгү башталары менен “О!” командасы 2 гол киргизүүгө үлгүрдү. Айта кетсек,учурда эсеп 4:0, "О!" командасы алдыда.