Орусиянын Домодедово аэропортунда Кыргыз епискобунан 55 миң доллар талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кармалгандардын бири 27 жаштагы эркек жана экинчиси 23 жаштагы аял. Алардын Казакстандын жарандары экени аныкталган. Кылмышка шектүүлөр орус православ чиркөөсүнүн Кыргыз мамлекетиндеги епархиясынын 37 жаштагы епискобун интернетке ага тиешелүү видеону жарыялайбыз деп коркутуп, 55 миң доллар талап кылышкан.
Епископтун айтымында, ал кылмышкерлерди кармоону буга чейин пландап жүргөн. Ал аны коркуткан адамдар Москвада экенин аныктап, Орусиядагы атайын кызматтардын өкүлдөрүнө кайрылган. Андан соң атайын операция пландалып, кылмышкерлер андан акча алып жаткан жеринен кармалышкан.