Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы газ саткан жайдагы жарылуудан жабыр тарткан 5 адамдын ичинен экөөнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандардын экөө Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми абалы жакшы делген үч бейтап ошол оорукананын күйүк бөлүмүндө дарыланышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Ананьеводогу болгон жарылуудан алгач 2 адам каза таап, 8 адам ооруканага түшкөн. Жабырлануучулардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан, ошол эле күнү ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кийин жабырлануучулардын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.