Катардын Доха шаарында 23 жашка чейинки эркектер арасында футбол боюнча өтүп жаткан "National Cup" мелдешинин алгачкы беттешинде Кыргыздын Олимпиадалык курама командасы Катар менен 3:3 эсепте тең чыкты. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди. Маалым болгондой, "National Cup" мелдеши 2018-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун квалификация этабына даярдык көрсөтүү үчүн уюштурулган. Кыргыз курамасы менен бир группада Катар, Иран жана Оман өлкөлөрүнүн курама командалары бар. Бүгүн, 1-июль күнү өлкөнүн Олимпиадалык курама командасы Өзбекстандын командасы менен беттешет.
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те орун алат.