Польшада 1-июлга караган түнү өткөн 21 жашка чейинки футболчулар арасындагы Европа чемпиондугунун финалы өттү. Анда Германия жаштар курамасы Испания курамасына кез келип, оюн 1:0 эсебинде Германиянын пайдасына аяктады. Беттештеги жалгыз голду жарым коргоочу Митчелл Вайзер жаратты. Ага Испания курамасы жооп бере алган жок.
Эске салсак, жарым финалдык беттештерде Германия жаштар курамасы Англия курамасына туш келип, пенальтилер сериясында 3:2 эсебинде жеңип кеткен. Испания курамасы жарым финалда 3:1 эсебинде Италияны уткан.