АКШнын Калифорния штатында эки кыймылдаткычтуу учак жолго кулап, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымдоо каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 30-июнь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30 чамасында болгон. Анда абага көтөрүлгөн Cessna 310 учагынын бир кыймылдаткычы иштебей, аэропортко кайра конууга аргасыз болгон. Бирок учак аэропортко жетпей жолго кулаган. Кырсыктын кесепетинен учактын ичиндеги 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.