Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын тургуну 5 күнгө ижарага унаа алып, Баткенге кетип калган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 31-май күнү Санкт-Петербург шаарынын тургуну баасы 750 миң рубль турган Шкода үлгүсүндөгү кара-көк түстөгү унааны "Автолига" ишканасынан Ленинград облусунун чегинен чыкпоо келишими менен 5 күнгө ижарага алган. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кетсе да, ал унааны кайтарып берген эмес.
Ошондой эле маалыматта GPS-маяк учурда унаанын Баткен шаарында экенин көрсөтүп жатканы жана аталган иш боюнча кылмыш иши козголгону айтылат.