Түштүк Кореянын “Айрис” (“Iris”) сериалындагы каардуу киллердин образын жаратуу менен көрөрмандардын эсинде калган Чхве Сын Хён ага карата башталган соттук отурумга келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. 29-июнда Сеул борбордук сотунда актёр 2016-жылдын октябрь айында марихуана колдонгон деген айыптоого байланыштуу иш каралды. Соттук отурум башталардан мурун ал журналисттерге: “Чечим кандай чыкпасын, мен бардык жазаны кабыл алам”, - деди. Процесс учурунда Чхве Сын Хён ага карата коюлган бардык айыптар боюнча күнөөсүн моюнуна алды. Актангысы да келбеген атактуу: “Мен жылдар бою депрессиядан дарыланып жүргөм. Бардыгы бир аптанын ичинде эле болуп кетти. Азыр өкүнүп жатам”, - деп билдирди. Ал эми күйөрмандарына болгон кайрылуусунда “мен ар бириңерден кечирим сурай албаганым үчүн жаман болуп турам, ушунчалык уялганымдан баш көтөрө албай калдым” деп жазган.
Прокурорлор актёрду шарттуу түрдө 2 жылга соттоону талап кылышты. Чечимди сот ушул жылдын 20-июль күнү чыгара турганын жарыялады.
Маалымат үчүн: Чхве Сын Хён Түштүк Кореядагы “Bigbang” тобунун рэпери катары да таанымал, сахнада T.O.P деген ысым алып жүрөт.