Кыргыз спорт журналисттеринин арасында спорттук мелдештер өтүүдө

Бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргыз өлкөсүндөгү спорт журналисттеринин арасында спорттук мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдешке телеканал, маалымат агенттиктер, радио, басылмалардан 30дан ашуун өкүлдөр катышууда. Алардын баары "Фортуна Дан Дан", "Барс", "Форвард" жана "Замбирек" 4 командасына бөлүнүшкөн.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий ачылышы кечээ, 1-июлда болгон. Спорт журналисттер 4 спорттун түрү боюнча мелдеш өткөрүшүүдө: сууда сүзүү, мини-футбол, кол күрөш, аркан тартыш. Мелдешке мамлекеттик бюджеттен 527 миң сом бөлүнгөн.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланып, мыкты командалар аныкталат.

Эскерте кетсек, 2-июль - Спорт журналисттеринин күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан