Татарстандын Заинск районунда күйүүчү май ташыган унаа менен жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобус кагылышып, кырсыктан 13 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, каза болгондордун ичинен экөө жаш балдар. Учурда түрдүү жаракаттар менен ооруканада 12 адам дарыланууда.
Татарстандын тергөө комитети катталган кырсык боюнча кылмыш ишин козгоп, анын себептерин изилдеп жаткандыгын билдирди. Маалыматтар боюнча күйүүчү май ташыган унаа менен кагылышкан автобус оодарылып, күйүп кеткен. Окуя болгон жерге 10дон ашык техника, 30дан ашык куткаруучулар тартылган.
Самара-Ижевск багыты боюнча бараткан автобустун ичинде айдоочусу менен 28 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.
Жол кырсыгы 1-июлдан 2-июлга караган түнү болгон.