ЖЫЛНААМА, 2-ИЮЛЬ: "Заманыбыздын супер алпаруучусу" Нурзат Токтосунова туулган күнүн 46 градус ысыкта тосуп жатат

Бүгүн, 2-июлда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова 34 жашка чыкты. Аны өздүк майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерибизди айтып байланышка чыктык. Нурзат Токтосунова учурда Түркиянын Шанлыурфа шаарында экенин айтты. Бүгүнкү туулган күнүндө аны көпчүлүк интернет аркылуу куттуктап, айрымдары күлкүлүү видеолорду жиберсе, кээ бири ага байланыша албай, белектерди кайсы дарекке салуу керектигин сурап жатышканын кошумчалады.

"Негизи туулган күнүмдү Бишкектен эле гавайи стилинде өткөрүүнү ойлонуп, коноктордун ар биринин моюнуна илинчү гүл жасалгаларын да жасап баштаганбыз. Тилекке каршы, Түркияга жумуштап учууга туура келди. Жолдошум (ред. Максат Надырбеков) да келмек, бирок 4-5 күнгө, анын ичинде 2 күндү жолго кетиргиси келбей, эмкиде экөөбүз 2 жумага келе турган болуп Бишкекте калды. Учурда күн 46 градус ысык, эшикке чыкканга мүмкүн эмес болуп жатат.

Туулган күнүм менен ким биринчи куттуктаганын билбей калдым. Баары эле социалдык тармак, WhatsApp аркылуу куттуктап, боорду эзген видеолорду жөнөтүп жатышат. Максат ата-энелерибиз куттуктаган видеолорду жиберип сюрприз жасады, аябай жакты. Бир досум "Таңкы 5тен бери чалып ала албай жатам, гүлдү кайсы дарекке жиберейин?" деп жазып жибериптир (күлүп), ушундай учурларда ыңгайсыздык болуп жатат, бирок интернет аркылуу да куттуктоолорду алуу мага жакты. Туугандарыма, досторума ыраазы болуп жатам", - деди Нурзат Токтосунова.

Нурзат Токтосунова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, олимпиаданын жыйынтыгы менен эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университетине сынаксыз кабыл алынып, эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп бүтүргөн. Кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "Маданий ишмердүүлүк" факультетин аяктаган.

"Курманжан датканын 200 жылдыгы", "Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы", "Куйручуктун 145 жылдыгы", "Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы", "Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы", "Ысык-Көлдө кадыр түн-2010, 2011, 2012", "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер концерт" ж.б. ушул сыяктуу көптөгөн иш-чараларды алып барган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kychan.98
2017-07-02 16:16:15
Туулган кунун кут болсун.Неге Максат мн бирге эмес экен а?
-1
Aizattt
2017-07-02 17:09:33
Туркиянын погодасы 31ди эле коргозуп жатат. Чол деген Дубайда аран азыр 41градус ысык. Туркия Дубайга караганда салкыын
0
Aidan88
2017-07-02 17:50:44
Tuulgan kununuz kut bolsun...Shanliurfada 45°,Turkiyanyn janyndagylar da 40-45 gradus azyrky uchurda
0
madina.87
2017-07-02 19:31:09
Апеей бул 1983-жылы торолгон кызбы?
Мен 1985-жылкы деп ойлочумун.
Максат (куйоосу)1992-жылкы анан 6 жаш айырмабыз бар дешпеди беле?!
Кызык!!!
+3
kalima88
2017-07-03 09:16:02
madina.87,демек,Макс жездебиз 89 экен да.
0
admin_superstan
2017-07-03 10:12:41
Revolyutsiya2, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
0
Almazbek1980kg.
2017-07-03 10:19:57
Туулган күнүңөр менен кутуктайм.
Ошол ысык абадан Россияга да жөнөтүп кой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан