1989-жылы Тунис өлкөсүндө туулуп, учурда Австрияда жашаган жаран улгайган түгөйлөрдү өлтүргөнү үчүн камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя Австриянын Линц шаарында болгон. Тунистик мигрант улутчулдарды жек көргөндүктөн бул кадамга барганы маалымдалат.
Тергөө иштериндеги алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 85 жаштагы улгайган аялды муунтуп, анын 87 жаштагы жолдошун бычак жана таяк менен мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң пенсионерлердин жансыз денесин өрттөп жиберген.
Шектүүнүн айтымында, ал көп жылдар бою коомдун адилетсиз мамилесин сезип, ага улутчул-саясатчыларды күнөөлөп жүргөн. Ал сурак берип жатып, бул кылмышынан кийин өз өмүрүн кыюуну ойлогонун, бирок күнөөсүн моюнуна алууну туура көргөнүн кошумчалаган.
Шектүү полиция участогуна кылмышты моюнуна алуу үчүн кезек күткөнү жазылат басылмаларда.