ЖЫЛНААМА, 2-ИЮЛЬ: Америкалык актриса жана ырчы Линдсей Лохан 31ге чыкты

Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 2-июлда америкалык актриса жана ырчы Линдсей Лохан Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Ал үч жашынан баштап жарнамалык түрмөктөргө тартыла баштаган. Сары чачтуу, бетин майда сепкил баскан Линдсей ошол кездеги талабы эң жогору жарнама аткаруучулардын бири болууга жетишкен. Кичинекей Линдсей Лохан 60 жарнамалык түрмөккө тартылып, телерадио берүүлөргө да чакырыла баштайт. 10 жаш курагында кино дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап, “Башка аалам” сериалына тартылган. Мындан көп узабай эле, 1998-жылы атагын алыска тараткан “Ата-энелер үчүн тузак” комедиясында өзү жалгыз эле эгиз кыздардын ролун аткаруу менен “Жаш актриса”, “Жаш жылдыз” номинацияларына ээ болгон. Балалыгы башкалардан өзгөчөлөнгөн Линдсей Лохан аткаруучулукка биротоло берилип кетпестен, мектепте да жакшы окуган. Ар тараптуу таланттардын ээси болуп, 2002-жылы ырчылык менен да алектенүүгө жетишкен.

Актриса чоңойгондо көп ирет полиция кызматкерлерине мас абалда кармалган. Айрым учурларда анын унаасынан маңзат да табышкан. Мындан сырткары аны уурулукка да күнөөлөп, сотко бергенге чейин барышкан. Мындан улам анын келбети бузула баштаганы байкалган. Бирок акыркы жылдары ал фитнес менен алектенип, сергек жашоону тандагандан бери карьерасы да туура жолго түшө баштаган өңдүү.

2-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NIkalike
2017-07-02 22:18:54
Лохан деп фамилиясы эле не дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан