Конфедерациялар Кубогунун мыкты футболчулары аныкталды

Германиянын футбол боюнча курамасынын жарым коргоочусу Юлиан Дракслер Конфедерация Кубогунун мыкты футболчусу деп табылды. Бул тууралуу ФИФАнын басма сөз кызматы билдирди.

Дракслер турнирде өзүнүн командасынын капитаны болгон. Анын мекендеши 3 гол киргизген Тимо Вернер мыкты бомбардир аталды. Ал эми мыкты дарбазачы делип Чили курамасындагы Клаудио Браво табылды. Дарбазачы Португалия менен болгон оюнда өзүн мыкты жагынан көрсөткөн. Ал оюндан кийинки пенальтилер сериясында 3 голду кайтарып, командасына бул серияда жеңиш алып келген.

Эскерте кетсек, Конфедерациялар Кубогунун жеңүүчүсү Германия болду. Чили 2-орунду ээлесе, Португалия 3-орунга татыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Motorola-Samsung
2017-07-03 09:58:54
Админ, мен адашып жатамбы же силер адаштыңарбы? Браво Мексиканын дарбазачысы эмес беле, ал Португалия-Мексика оюнунда пенальти тоскон болчу
-7
TalaCSKA
2017-07-03 10:04:33
Motorola-Samsung,Мексиканын дарбазачысы Очао
+2
sport_lover
2017-07-03 11:08:13
Motorola-Samsung, Клаудио Браво чилилик дарбазачы.
+2
ktmu1995
2017-07-03 11:34:32
Motorola-Samsung,эу чык эшикке
+10
mirbek2211
2017-07-04 11:30:09
ktmu1995,жарыпсынго
0
Baiaman07
2017-07-13 16:07:16
Motorola-Samsung, хехехехехехеххехеххехехехе эуу чыык эшикее азаматсын бирок

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан