Белгисиз адамдар Франциянын Авиньон шаарындагы мечиттен чыгып бараткандарга ок чыгарды. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.
3-июлда 2 адам тапанча менен мечиттин алдына келип, чыгып бараткан адамдарды көздөй ок чыгарышкан. Октон жок эле дегенде 8 адам жабыркады. Жабырлануучулардын арасында 7 жаштагы бала да болгон. Ок аткандар полиция келгиче качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Окуяны полиция кызматы теракт катары эсептеген жок. Болгону жаштардын арасындагы пикир келишпестик себеп болушу мүмкүн экени жазылат.