Жалал-Абад шаарында жолдордун кесилишинде жол чырак бузулуп, унаалар кырсыктап жатканын окурман бүгүн, 3-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө түшкү саат 4төрдө Honda Fit менен Toyota Camry унаалары кагылышты. Бул көчө шаардын борбордук аймагында турганына карабастан, 1 жыл мурун бузулган жол чырак оңдоло элек. Андыктан бул кесилиште тез-тез кырсыктар болуп турат. Toyota Camry унаасынын айдоочусу жабыркаптыр, аны мас абалда болгон дешүүдө", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.