Таласта 69 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Талас облусунда адам өлтүрүү фактысы катталганын ИИМдин маалымат кызматы 3-июлда кабарлады. Маалыматка таянсак, милиция кызматкерлери 1-июль күнү саат 20:30 чамасында Манас районунун Покровка айылында киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Каза болгон адамдын аты-жөнү такталып, ал аталган айылдын 57 жаштагы К.Ж. аттуу жашоочусу экендиги такталган.

ИИМдин маалыматында кылмыш ишинин келип чыгуусуна мас абалында уруша кетишкендиги себеп болушу мүмкүн делет.

"Жабырлануучунун денесине оор жаракаттар келтирилип, ошол жерден каза тапкан. Облустук жана райондук Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй элегинде качууга ниеттенип жаткан шектүү жаран кармалган. Шектүүнүн ким экендиги такталып, ал Манас районунун 69 жаштагы Ю.В. аттуу жашоочусу болуп чыкты. Ал мурда да сот жообуна тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2017-07-03 20:25:02
Салянованын агасы издоого алынган маалымат боюнча жаза кетсенер урматтуу супер инфонун жамааты
0
admin_superstan
2017-07-04 10:24:16
ady-88, саламатсызбы? Бул жактан окуңуз. http://www.super.kg/kabar/news/193505/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан