Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну башка айдоочу аркасынан кубалап барып, кайра алып келди. Бул тууралуу окуянын күбөсү SUPER.KG`ге билдирди.
Анын айтуусуна караганда, окуя бүгүн, 3-июлда саат 17:15 чамасында Горький жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерде жол чырак коюлган эмес, бирок жөө жүргүнчүлөр өтө турган белгилер бар. Жолдон өтүп бара жаткан жаш жигитти BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүп, токтобостон кетип калган. Аны башка айдоочу аркасынан кубалап барып, Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен жетип кайра алып келген.
"Ошол учурда башка күбөлөр "Тез жардам" жана Патрулдук милиция кызматкерлерин чакырышты. Унаа сүзгөн бала нес абалда болгондуктан так сүйлөй албай жатты. Ачык, олуттуу жаракаттары көрүнгөн жок, бирок жабык жаракаттары болушу мүмкүн. Качып кеткен айдоочу 50-55 жаштарда, унаасында жалгыз бара жаткан экен, кубалап барып кармап келген айдоочунун унаасында апасы экөө бара жатыптыр, ал 30 жаштардагы адам", - дейт күбө.
Тасмадан жабырлануучуну кылмышка шектүү айдоочунун унаасы менен ооруканага алып кеткенин көрүүгө болот.