Депутат экстремисттик уюмга мүчө деген шек менен кармалды

Жергиликтүү кеңештин депутаты экстремисттик уюмга мүчө деген шек менен кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, ИИМдин кызматкерлери тарабынан “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелген Базар-Коргон районунун жашоочусу кармалган.

"Жашаган жерин мыйзамдуу негизде текшерүү маалында экстремисттик мүнөздөгү материалдар алынып, кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ACAH-AKA.
2017-07-04 09:21:11
Урматтуу Супер инфо ушул сыяктуу жаңылык жазсаңар аты жөнүн толук жазгыла да коомчулук билсин
+3
ACAH-AKA.
2017-07-04 09:22:31
Тоок уурдап кармалса атын атасынын атын апасынын атын үй бүлөсүн толлук жазасыңар.Мындай ХХХ эмне үчүн туңгуюк бойдон жазасыңар
+9
ACAH-AKA.
2017-07-04 09:36:59
Ушул сыяктуу ар кандай шакал топтун мүчөлөрүн камап атканын атып мал мүлкүн мамлекетке өткөрүп салыш керек.Кысскасы кийинки шакалдар ойлоно тургандай болушу керек
+3
no.comment
2017-07-04 09:55:18

Аты-жону жашыруун болгондугу мыйзам ченемдуу корунуш, себеби али толугу менен айыбы далилденип соттоло элек.
+5
Jeenmyrza
2017-07-04 10:48:13
Супер чын эле бүдөмүк кылбай аты жөнүн да толуктап жазууңарды өтүнөбүз
+1
Anucha
2017-07-04 10:52:03
Депутат деген эле аты болбосо,Жогорку же атайын билими жок адамдар.Айылдык кенештин депутаттары мектепти буткон боюнча иштешет.Жашы 50дон ашкандар,идея сунуштасан колдошпойт,эскиче ой жугуртушуп проект да аткарышпайт.Же Элдер сыйлабаса,же айлык албаса неге чыгарган мындай штатты?Куйуп эле кетесин
+6
Totyua.71.
2017-07-04 12:53:54
Азыр жаштар деп эле мода болуп калды,айылдык депутат болуп 11-класстык билими менен,Россияга кетип калгандар бар,башы кандай болсо этеги да ошондой да..."Балык башынан сасыйт" деп бекеринен айтылган эмес...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан