Өзбекстандын Ташкент шаарында 1-3-июль аралыгында өткөн самбо боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулар 29 медалга ээ болушту. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан билдирди.
Маалым болгондой, аталган мелдеште Кыргыз балбандар 2 алтын, 8 күмүш жана 19 коло медаль тагынышты. Алтын медалга 74 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Бекназар Раимкул уулу жана 100 килограммдан ашык салмак ченинде Улан Абдимамат уулу ээ болушту.
Күмүш медалдардын ээлери:
Руслан Жаныбек уулу (52 кг);
Фархад Абжалиев (68 кг);
Темирлан Керимкулов (87 кг);
Эрнис Карапов (60 кг);
Дастан Шайлообек уулу (75 кг);
Алайбек Умотов (68 кг);
Абдумалик кызы (52 кг);
Эрлан Талантбек уулу (100 кг).
Коло медалдардын ээлери:
Абдылдабек кызы (48 кг);
Гульзада Жылдызбекова (60 кг);
Илимбек Жаныбеков (57 кг);
Улукбек Мамытов (100 кг);
Илим Алымкулов (48 кг);
Рустам Усубакунов (62 кг);
Дастан Темирбеков (100 кг ашык);
Эсен Мусаев (65 кг);
Кутман Каипбеков (81 кг);
Мирана Кадыркулова (56 кг);
Жоодарбек Сатикеев (62 кг);
Павел Гончаров (100 кг);
Канатбек уулу Анарбек (90 кг);
Абай Карабаев (70 кг);
Адилет Букаев (48 кг);
Орозбек Алмазбеков (100 кг ашык);
Милена Султанова (52 кг);
Кубанычбек уулу Азиз (74 кг);
Ханболот Маматов (52 кг).