"Президенттин кадыр-баркына шек келтирди" деп айыпталгандардын соттук отуруму жүрүүдө

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда сот Болотбек Абдуллаевдин төрагалыгы алдында "Заноза" сайтынын журналисттеринин жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын соттук иши каралууда.

Ушул жылдын 1-мартында Текебаевдин жактоочулары Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова Текебаевди колдоо митингинде элге кайрылуу жасап, кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге таандык деген маанидеги пикирди айтышкан. Бул маалыматты "Заноза" сайты да жактоочулардын пикирине таянып жарыялагандыгы үчүн айыпталган. Кийинчерээк Башкы прокуратура айтылган сөздөр жалган, алар президент Атамбаевге жалаа жаап, анын кадыр-баркына шек келтирди деген жүйө менен аларды сотко берген. Ошондой эле прокуратуранын доо арызында ар биринен 3 миллион сомдон президентке моралдык зыян төлөп берүүсү көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан