Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча изделип жаткан Калыбек Элтуйбасовдун туугандары: "Өлкөдө мыйзам иштебейт, Калыбектин кайда экенин айтпайбыз"

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовго (Калый Салянов) издөө жарыяланганын 3-июлда ИИМдин маалымат кызматы билдирүү тараткан. Ошондой эле Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жараткан деген негизде Калый Элтуйбасовду камакка алуу чечими чыкканы да белгилүү болгон.
Бүгүн Элтуйбасовдун жакындары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүүдө. Калыбек Элтуйбасов депутат Аида Салянованын агасы.
Издөө жарыяланган Элтуйбасовдун жактоочусу Улан Жумаков: "Ишти ИИМ ача албаса башкага берсин. Салянованын жакыны болгону үчүн ага ушундай айып тагылып жатат. Эмне үчүн ишти аягына чыгара албай жатып, күнөөнү башкадан издеп жатышат? Эмне, Элтуйбасовду андан ары кууп, аягына чыгышабы?" - деди ал.
Элтуйбасовдун эжеси Калича Салянова: "2010-жылы революцияга катышып, Ак Үйдү коруп жүргөн. Эми азыр болсо бийлик анын жакшылыгын унутуп, саясий максатта каралап жатат. Инимди саясатка жөн жерден аралаштырган жок, Аида Салянованы каралаш үчүн аралаштырып жатышат. Ошон үчүн ал азыр күнөөсүз болсо да качып жүрөт", - дейт ал.
"Аида Салянова прокурор болуп резиденцияда жашап жатканда 2014-жылы белгисиз адам резиденцияны кайтарып жаткан аскерге кол салып, Салянованын кайда жашаганын сураган. Күч органдары ким кол салганын тапкан жок. Кийин ал Жогорку Кеңеште азыркы Башкы прокурор Индира Жолдубаевадан эмне үчүн аны издеген адамдын изделбей жатканын сураганда ал арыз менен кайрылууну айткан. Казакстандын же Өзбекстандын мамлекеттик резиденциясында бирөө ушундай аракет жасап көрсүнчү, дароо кармап жазасын бермек", - деди жактоочу Улан Жумаков.
Асия Салянова Калыбек Элтуйбасовдун кайда жүргөнүн айткан жок. "Ал ар дайым келүүгө аракет кылып жатат, бирок биз келбей эле коюуну сунуштап жатабыз. Себеби бизде мыйзам иштебейт. Ал телефон аркылуу эле байланышып турат. Бирок кайсы өлкөдө экенин айта албайбыз", - деди Салянова.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркум Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катыштыгы бар болушу мүмкүн экени айтылган. Алардын бири "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана Аида Салянованын аталаш тууганы Калыбек Элтуйбасов болушу ыктымал делет ИИМдин тараткан маалыматтарында. Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
cholpon9393
2017-07-04 12:05:37
Супер инфо тунку саат 24.30да аябай катуу жер титиреди Ош обл.да эпицентр кайсыл жер экенин билип берип койгулачы сураныч эч маалымат таппай жатам башка сайттардан деле.
-1
admin_superstan
2017-07-04 15:20:35
cholpon9393, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
TalaCSKA
2017-07-04 12:25:42
Кылмышка шектууну жап жашыруу бул да кылмыш
0
ACAH-AKA.
2017-07-04 13:02:13
Бул кайсыл шышканын кызы болду экен
-4
Begmat1992
2017-07-04 13:31:25
ACAH-AKA.,Аида Салянованын аталаш агасы экен ошого чукулап жатышат
-5
CEO
2017-07-04 13:48:17
Begmat1992, Аида Салянованын агасы болгону учун бул кызды ага жабыштырган эч ким жок. Чындыкты бурмалабай суйло. Калый Салянов ак болсо, саунадагы видеокамералардагы жазууларды очуртмок эмес, озу чет олколоп качмак эмес. Бул иш эмнеге ошол убак (2014) ачылбаганынын себеби, Аида Салянова баш прокурор болуп турган, ошол себептуу анын аталаш агасына тергоочулор айып тага алышпаган...
+7
barakcha
2017-07-04 19:27:56
ACAH-AKA.,шишканын кызы эч качан акча учун ак сакалдар менен байланышпайт.Бул кыз карапайым эле уй булоонун бакма кызы болчу экен.
+1
CEO
2017-07-04 13:40:50
Качан Салянова баш прокурор болуп турганда, "мыйзам - бул биз" деп тош кагып журушчу эле, же калппы?!! Эми Салянованын озуно жана агасына кылмыш иши козголгондо мыйзам иштебеген болуп калабы?!! Анда эмнеге Салянова Ташиев менен Жапаровду камап, Мырзакматовго сфабрикованный кылмыш ишин козгогондо, бизде мыйзам иштебейт деп чыгышпаган?!!

7-апрель тууралуу ооз ачпай эле коюшсун, Калый Салянов менен анын досу Осунбек Жамансариев жаш кыздар менен сауналап жургонубу?!!
+9
CEO
2017-07-04 13:44:52
Осунбек Жамансариев "Мекен шейиттери" коомунун жетекчиси. Анын да бул кылмышка тиешеси болушу мумкун, анткени ал да тергоочулорго бут тосуп келгени маалым. "Мекен шейиттери" десе кайгыга чогуп мункурогондорду элестетчубуз, ХХХ ХХХ ким билиптир эле..Адвокат калп айтпай чындыкка тике карасын! Маркум менен Калый Салянов ХХХ журсо, Аида Салянованы каралоо учун козголгон иш деп кайсы логикага таянып айтып жатат?!
+6
admin_superstan
2017-07-04 15:21:07
CEO, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
-2
pixduel1
2017-07-04 18:29:44
CEO,сен дайым менин оюмдагыдай жазасын )) Молодец! Мен акыркы кундору жазгымда келбей калды себеби тушунуп тушунбой эле мурдун тыга бергендер жадатты! Анысы аз келгенсип гезиттен эскертуу келип турат))
+4
baisogur
2017-07-04 14:13:14
Урматтуу мекендештер сиздерден суранаарым,мыйзамды сыйлоону биринчи өзүбүздөн баштасак демекчимин, мыйзам жок иштебейт деп отуруп мекенибизди мал сарайга айлантып албайлы,коом таза болсун десең өзүңдөн башта бөтөн элдин жаранындай законубузду кордобойлучу келечек биздин колубузда .
+4
ady-88
2017-07-04 14:26:55
Кылмышкерди кайда экенин туугандары айтпаса анда оздорун камаш керек. Кылмышкерди жаап жашырып жатканы учун бул дагы кылмышка жатат
+8
azamat1978
2017-07-04 17:22:56
Бирөго кор казба озун тушосун бир кун, кайтар дуйнө тез эле кайтып калат, озун кылган иш озуно муш.
0
Arlenchik
2017-07-04 18:54:52
Ошо мыйзам иштебеген учун биртууганы боштондукта журот да, куноосу болбосо эмнеге качып журот келип далилдеп берсин.
+3
Altysha89
2017-07-04 19:20:37
Кайсыл өлкөдө экенин айтышбаса Саляновалар жооб бериши керек анда тергөө журсун башынан. Кунөөсу жок деп качырып жургөн жерин жашырышбай . Бул иш тықыр иликтенбей көмүскөдө калганы учун ошол кезде прокурор кызматын ээлеген эжесин сурака алсын....
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан