Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовго (Калый Салянов) издөө жарыяланышы боюнча анын жакын туугандары билдирүү жасап, маалымат жыйын өткөрүшүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 3-июлда маалым болгондой, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жараткан деген айып менен Калыбек Элтуйбасовду камакка алуу чечими чыккан. ИИМдин маалыматына караганда, Элтуйбасов өлкө аймагынан чыгып кеткен. Ошол себептен ага издөө жарыяланган болчу.
Маалымат үчүн: Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.
Маалымат жыйын соңуна чыкты.
Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген Калыбек Элтуйбасовдун жакындары маалымат жыйын өткөрүштү