Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда президент Алмазбек Атамбаевди каралады деп айыпталган "Заноза" сайтынын журналисти менен Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын соту уланууда. Айыпталуучулар Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиз түшкү тыныгуу маалына чейин 14:00гө келе албасын, себеби бул убакытта башка соттук отурумдары бар экендигин сотко айтып отурумга келишкен жок. Сот негизги фигураларды "сотко урматсыздык көрсөттү" деп ишти алардын катышуусу жок баштады.
Айыпталып жаткандардын бири Нарын Айып: "Биз, журналисттер эмнени көрсөк же уксак ошону гана чагылдырабыз. 1-март күнү да Текебаевдин жактоочулары уюштурган маалымат жыйынга катышып, алардын пикирин гана жарыялаганбыз. Анда 16-январдагы кулаган учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү болгон деген сөздөрдү сүйлөшкөн. Дүйнөлүк журналистика тармагындагылар баары эле ушундай тартипте иштешет", - деди.
Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кезектеги соттук отуруму өтүп жатат. Октябрь райондук сот отурумунда өтүп жаткан сот ишинин негизги фигуралары, айыпталуучулар Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиз Текебаевдин жактоочулары болгондуктан учурда ошол жакта кармалышууда.