Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда сот Болотбек Абдуллаевдин төрагалыгы алдында "Заноза" сайтынын журналисттеринин жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын соттук иши каралды.
Айыпталуучу Нарын Айып "Текебаевдин жактоочулары берген маалыматтын темасына 8 сөз кошконубуз үчүн 3 миллион сом айып төлөшүбүз керекпи?" - деди.
Мамлекеттик айыптоочу "Занозанын" журналисти койгон темада тырмакча жок болгондуктан, пикирди авторго таандык деп түшүнөбүз", - деп жооп берди.
Мындан соң сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.
Сот Болотбек Абдуллаев президент Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталып жаткандарды күнөөлүү деп тапты. 1-март күнү Текебаевдин жактоочулары маалымат жыйын куруп, кыйраган боинг учагындагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизди 10 миллионго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыкты. Судья көрсөтүлгөн сумманы Атамбаевди каралаганы үчүн ага моралдык компенсация катары төлөп берүү чечимин чыгарды.
Эске салсак, учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кезектеги соттук отуруму өтүп жатат. Октябрь райондук сот отурумунда өтүп жаткан сот ишинин негизги фигуралары, айыпталуучулар Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиз Текебаевдин жактоочулары болгондуктан учурда ошол жакта кармалышууда. Бул маалда алардын үстүнөн Октябрь райондук соту чечим чыгарып, күнөөлүү деп тапты.
Айыпталуучу тарап чечимге макул эместигин айтып, шаардык сотко кайрыларын билдирди.