Өлкөнүн түштүк жергесинде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө 4-июль күнү саат 10:25 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде катталган. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 14 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 30 чакырым түштүк-батышта, Сары-Таш айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Ошондой эле 3-июлдан 4-июлга караган түнү саат 00:19 чамасында 3 баллга жеткен жер титирөө Кыргыз өлкөсүнүн аймагында, академик Адышевдин тоо кыркасында катталган. Анын очогу Жаңы-Арык айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Правда айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 12 чакырым батышта жана Ош шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.