Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ордо боюнча “Алтын Томпой” аттуу эл аралык мелдеште Кыргыз өлкөсү 1-орунду алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Эл аралык мелдешке Тажикстан, Казакстан, АКШ, Кыргыз өлкөсүнөн жана Ысык-Көл, Чүй облустарынан спортчулар катышышты.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү болуп Кыргыз өлкөсүнүн командасы аныкталды. Ал эми 2-орунду Тажикстан командасы багындырса, 3-орунду Казакстан командасы ээледи.