Лейлекте сел жүрүп 17 үйдүн короосун суу каптады

Баткен облусунун Лейлек районунда 4-июлда сел жүргөнүн ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен райондогу Коргон жана Ак-Терек айылдарында тоолордон сел келип, натыйжада 17 турак жайдын короолоруна жана 2 сарайга суу кирген. Андан сырткары 1,4 чакырым ички чарбалык арыктар, 1,7 чакырым ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү сел калдыктарына толгон.

Ал эми селдин кесепетинен адам өмүрүнө зыян болбогону, сел калдыктарын тазалоо иштери бүгүн баштала турганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Leilek-razzakov
2017-07-05 11:13:12
Табигат кырсыктарыдан жасаткан озу сактасын. Жакшы адамдарга зыян келбептир.
0
Leilektik
2017-07-05 11:49:25
Зангыратып салыпсынар уйду соз жок бирок кичине ойлонуп салсанар болбойт беле сайдын ортосуна салардан мурун,кудай озу сактасын кырсыктан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан