"Реал Мадриддин" коргоочусу Пепе түркиялык "Бешикташка" өттү

Испаниялык "Реал Мадрид" клубунун коргоочусу Пепе (толук аты-жөнү Кеплер Лаверан Лима Феррейра) аталган клубда түзгөн келишими соӊуна чыгып, эми түркиялык "Бешикташ" клубуна өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматтарга караганда, 34 жаштагы португалиялык футболчу "Бешикташка" эркин өкүл катары келген. Башка футболчуларды көбүнчө сатып алышса, Пепе "бекер" келди. Келишим 2 жылга түзүлүп, анда ал 12 миллион евро акча табары айтылат.

Белгилей кетсек, Пепе "Реал Мадрид" клубунда 2007-жылдан баштап ойноп баштаган. Анда футболчу 229 оюнга катышып 15 гол киргизген. “Реал Мадрид” клубу менен Пепе 14 трофей уткан, алардын ичинде Испания чемпиондугу (3 жолу), Испания Кубогу (2 жолу), Испаниянын Суперкубогу (2 жолу), Чемпиондор Лигасы (3 жолу), УЕФАнын Суперкубогу (2 жолу) жана Клубдар арасындагы Дүйнөлүк чемпионат (2 жолу).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nemo2016
2017-07-05 11:07:21
пепе ранолдонуда чакырып ал эми
+1
Ali-91
2017-07-05 13:43:01
Пепе дүйнөдөгү эң алдыңкы коргоочулардын бири.Кече Конфедерация кубогунда да Португалияны жеңилүүдөн сактап,үчүнчү орун алганга себепчи болду анын 90чу мүнөттө сайган голу.
+2
marselkalmurzaevkg
2017-07-05 13:48:59
Жакшы оюнчу
+3
Bakulya97
2017-07-05 19:43:43
ПСЖга отуш керек болчу.пепе кучтуу оюнчу.
+2
meniuk
2017-07-05 20:32:27
пепе мыкты коргоочу
+1
moskyrsat
2017-07-05 21:57:03
Жакшы оюнчу
+1
Taku.14.02
2017-07-06 01:23:17
Реал ХХХ теркендей кылып койдуу байкушту ичи тутоп калды
0
beka666
2017-07-06 01:44:07
Кучтуу оюнчу жана мыкты актёр жакшы жыгылганды билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан