Улут аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучуга кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети улут аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучуга кылмыш ишин козгоду. Аталган комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ВКонтакте социалдык тармагынын А.Ж. аттуу колдонуучусу Кыргыздын мамлекеттик символикаларына жана башка улуттун өкүлдөрүнө карата терс көз карашын ачык билдирген.

"Филологиялык жана политологиялык экспертизанын жыйынтыгында, жогорудагы интернет колдонуучунун билдирүүлөрүндө улут аралык кастыкты козутууга жана улуттун кадыр-баркын басмырлоого болгон аракеттердин бар экени аныкталган. Бул фактынын негизинде А.Ж. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2017-07-05 11:33:59
Тагыраак жазгылачы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан