"Мага Талант Маматкеримов кызмат сунуштаган. Мен 2009-жылга чейин "Алтынкен" ишканасында иштегем. Соттолуучулар менен тааныш эмесмин. Буга чейин "Альфа Телекомдо" иштеген эмесмин".
Текебаевдин "Сиз Азат Базаркулов, Маматкеримов менен чогуу бир компанияда иштеген экенсиңер. Мамилеңер кандай эле?" деген суроосуна "жакшы эле болчу" деп жооп берди. Мамлекеттик айыптоочулар Текебаевдин күбө катары суралып жаткан Кадырбековго "Сиз мамлекеттин атынан ревизор болууга татыктуу кадр экенсиз да?" деген суроосун жокко чыгарууну өтүндү.