Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардан түзүлгөн "Тумар" бий тобу Казакстанда боло турган таланттар шоусуна конок катары катышат. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Эрмек Кадыров бүгүн, 5-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген гана адамдар катыша турган бул шоу 13-июлда Алматы шаарында өтөт.
“Негизи бул казактардын улуттук шоусу. Ага бир гана казак эли катыша алат. Бирок уюштуруучулар биздин бий номерибизди көргөн соң конок катары чакырышты. Биз конок эмес, катышуучу катары чыккыбыз келгенин айтсак, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрүп, анан жообун бере турганын билдиришти. Ал жакта Чехияда аткарган номерибизди көрсөтөбүз”, - деди ал.