Американын Флорида штатынын тургуну Аллан Данн аялынын сөөгүн муздаткычта 8 жыл сактап, анын пенсиясын алып жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, А.Данндын жубайы Маргарет Данн 2002-жылы көз жумган. Андан соң жолдошу анын сөөгүн 8 жыл бою муздаткычта сактап, бул убакыттын ичинде мамлекеттен 92 миң доллар акча алган. Аллан Данндын кыңыр иши өзү өлгөндөн кийин гана билинген. Мыйзамсыз берилген каражатты кайра мамлекетке кайтарып берүү үчүн түгөйлөрдүн мураскерлери алардын үйүн сатууга аргасыз болушкан.