Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылдын 5-июлунда Ооганстандын Парван провинциясында жүк ташуучу Ил-76 учагы тоого урунган. Кырсыктын кесепетинен экипаждын 9 мүчөсү каза болгон. Учак Азербайжандын Баку шаарынан Ооганстандын Баграм шаарына учуп келе жаткан. Ошол учурда учактын ичинде 18 тонна жүк болгон. Алгач учакты "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү атып түшүрүштү деп айтылган. Кийин кырсыктын келип чыгуусуна экипаж мүчөлөрүнүн катасы себеп болгону аныкталган.
5-июлга карата жылнаама.