Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBO) чемпиондук курун коргой алган жок.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Австралиянын Брисбен шаарында дүйнө чемпиону наамына болгон беттеште Мэнни Пакьяо австралиялык Жефф Хорнго калыстардын чечими менен жеңилип калды.
Маалымдай кетсек, 38 жаштагы Мэнни Пакьяо 8 салмак категориясында чемпион болгон. Ал эң жеңил салмактан баштап, биринчи орто салмакка чейин чемпиондукту багынткан. Пакьяо 59 ирет жеңишке жеткен, 7 ирет жеңилүү ызасын тарткан, 2 беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми 28 жаштагы Хорн 17 ирет жеңишке жетишкен, 1 жолу жеңилип калган жана 1 беттеште жеңүүчү аныкталган эмес.