"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо унаасы менен велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо унаасы менен велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-июль күнү саат 20:30 чамасында "Манас" аэропорту-Бишкек унаа жолунда болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен велосипед тээп бара жаткан 1984-жылы туулган Н.А. аттуу Бишкек шаарынын тургунун сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.

"Бул жол кырсыгы боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, Чүй ОИИББинин Патрулдук милициясы тарабынан Мерседес-Бенц 312 үлгүсүндөгү унаанын ээси 1984-жылы туулган Ш.Т. кармалды. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Чүй ОИИББинин Патрулдук милициясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан