Бүгүн, 6-июлда окурман SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун тургуну ГАЗ-69 унаасын жаңылап жасаганын WhatsApp аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ала-Букадагы 1-Май айылынын жашоочусу Эмилбек Куралов 1967-жылы чыгарылган ГАЗ-69 унаасына жаңы жашоо берген.
"Бул унааны жасоодо Mercedes фирмасынын мотору, BMW унаасынын руль системи колдонулуп, Honda СRV'нын отургучтары, Jeep унаасынын дөңгөлөктөрү салынды, алдынкы айнектери жаңы формада куюлган. Унааны 1 жылда жасады", - деген окурман.
Белгилей кетсек, ГАЗ-69 советтик унаасы 1952-1972-жылдары чыгарылчу.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.