Ысык-Көл облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жердин силкиниши 5-июлдан 6-июлга караган түнү саат 02:03 чамасында болгон. Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоодон 21 чакырым чыгышта жана Кемин районунун Тегирменти айылынан 27 чакырым түндүктө жайгашкан.
Кайыңды, Тегирменти, Кароол-Дөбө аймактарында 4 балл, Кичи-Кемин, Шабдан, Төрт-Гүл, Тамчы,Тору-Айгыр, Чок-Тал, Кош-Көл, Чырпыкты, Сары-Камыш айылдарында 3 балл, Балыкчы шаарында, Чоң-Сары-Ой, Баетов айылдарында 3 баллга чейин жеткен.