Орусиянын Краснодар аймагында мөндүр 200дөй үйдүн чатырын талкалады

Кечээ, 5-июлда Орусиянын Краснодар облусуна караштуу Кубань аймагында көлөмү 5 сантиметрдей болгон мөндүр жаап 200гө жакын үйдүн чатырын жана бир нече унаанын айнектерин талкалап кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялады.

"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, шейшембинин экинчи жарымында, Краснодар аймагынын Лабинский районунун эки айылында ири көлөмдө жааган мөндүр 220 турак жайдын чатырларын тешип кетти. Табият кырсыгынан Ахметовский жана Тоолуу Ахметовский айылынын тургундары зыянга учурады. Учурда келтирилген чыгашалар эсептелип жатат", - деп жазылат кабарда.

Краснодарда мөндүр 200дөй үйдүн чатырын талкалады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Seryi-Kardinal
2017-07-06 09:16:27
amerika kylgan okwoit
-3
bond
2017-07-06 12:58:56
Seryi-Kardinal,Бакиев кылганго.
-1
Aruwka.89
2017-07-06 09:18:32
Жаратканым сактасын ото коркунучтуу Адам баласына тийсе не болмок
0
AykaMer
2017-07-06 16:07:41
Алма менен тен го...апеей де... Башына тийсе жарылчуудай го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан