Кара-Суу районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам каза болду

Кара-Суу районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен аталган райондун Мады айылында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Дэу Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаа оодарылып кеткен.

"Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жеңил унаанын ичинде кыпчылып калган айдоочунун жана бир жүргүнчү аялдын жансыз денесин алып чыгышкан", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан