Түрк актёру Бурак Өзчивит менен жубайы Фахрие Эвжендин бал айында түшкөн сүрөттөрү талкуу чордонунда калды

Жакында эле баш кошкон түрк актёру Бурак Өзчивит менен актриса Фахрие Эвжен бал айын Мальдив аралдарында өткөрүшүүдө. Алар эс алуу учурундагы сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп, кыска мөөнөттө сүрөттөр миллионго жакын "жакты" белгисине ээ болууда.

Чет элдик басылмалар кабарлагандай, буга чейин араб жеке ишкери атактуу түгөйлөргө эгер бал айын Дубайда өткөрсө, бардык чыгымды өз моюнуна алып, андан сырткары 2 миллион доллар берерин айткан. Бирок Фахрие бал айын Мальдив аралдарында өткөрүүнү кыялдангандыктан ишкердин сунушу четке кагылган.

Ал эми учурда коомчулукта көп талкууга алынып жаткан бул түгөйлөр чогуу эс алып жатканына карабай, бир гана өз-өзүнчө түшкөн сүрөттөрдү жарыялаганы болууда. Бул нерсе кызуу талкууга жем таштап, "түгөйлөр бал айын өткөрүп жатып да урушуп кеткен болушу мүмкүн. Анткени 3 жыл сүйүү романын баштан өткөргөн алар бир да жолу чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан эмес. Ал эми тойго чейин Бурак Фахриенин талап кылуусу менен экөө чогуу түшкөн сүрөттү интернеттеги өздүк баракчасына жүктөгөн", - деген кептер айтылууда.

Эске салсак, түгөйлөр ушул жылдын 29-июнунда Стамбулда баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
akkuu
2017-07-06 11:11:40
Ошонуда талкуу кылышавы бироо тартты бироо туштуда главное они бир жерде журушот по фоткам можно понять же
+10
dinar-87
2017-07-06 11:12:09
Башка башка тушсо эле урушуп кеткен болобу экоону чогуу тарта турган адам жоктупда)).
+9
roland
2017-07-06 12:23:02
Эмне болсо ошо болбойбу
Мага баары бир
+4
Aizattt
2017-07-06 13:01:21
Сакал мурутун алып эле салса.
-1
raiana53
2017-07-06 13:53:06
Aizattt,эмне сакал муруту сенин бетинди сайыватавы
+5
aibi8984
2017-07-06 13:29:59
мазза кылып жатыптырда
+3
Ayida
2017-07-07 23:29:50
Бироосу тартатда жанында адамдар деле жокго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан