Өзгөн районунда 2 жаштагы кыз сугат каналына агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 5-июль күнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Лесхоз айылында болгон. Анда 2 жаштагы кыз сугат каналына түшүп, агып кеткен.
"Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштеринин натыйжасында кыздын жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти ӨКМдан.