ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: "Робин Гуд" атка конгон Рысбек Акматбаев көзү тирүү болгондо 57 жашка толмок

Кезинде кримавторитет, кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, эл оозунда "Робин Гуд" атка конгон Рысбек Акматбаев көзү тирүү болгондо 57 жашка толмок. Ал 1960-жылы 6-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Советтик армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктаган соң ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1988-жылы ага "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып, камакка алынган.

Анын эркиндикке чыгышы Кыргыз мамлекетинин эгемендик алган мезгилине туура келет. 1990-жылдардын башында бизнес тармагын өздөштүрүү үчүн өз командасын топтоп баштаган. Иши ийгиликтүү жүрүп, 1995-1996-жылдары туулуп-өскөн Чолпон-Ата шаарына шаардын негиздөөчүсү болуп, Чолпон атанын эстелигин орноттурган. 2001-жылы "уюшулган кылмыш тобун түздү" деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана "2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар" деп айыпталат. 2004-жылдын 5-майындагы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү да Рысбек Акматбаевдин моюнуна илинген.
Акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен Башкы прокуратурага кайрылып, ал эми Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыккан. 2006-жылдын 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза тапкан.
6-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан