Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Баткен шаарында 10 жана 9 жаштагы эки өспүрүмдүн өлүмүнө шектелген жаран алардын аталаш тууганы болгон. Тактап айтканда, эки өспүрүмдүн жана кылмышка шектүүнүн аталары бир тууган.
"Кылмышка шектүү кармалып, өздүк тинтүү жүргүзгөн учурда 2 алтын, 1 күмүш чынжырча жана күмүш сөйкө далил буюм катары алынган", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.
Айта кетсек, окуя 5-июль күнү саат 15:30 чамасында Баткен шаарында болгон. Анда 1996-жылы туулган Болотбек аттуу жаран эки кабаттуу үйгө уурулукка кирип, аны көрүп калган 10 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүрүп, качып кеткен.
Кылмышка шектүү ошол эле күнү Баткен ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.