Болгарияда 40 унаа кагылышкан жол кырсыгы катталды

Болгарияда 40тан ашык унаа кагылышып, 31 адам жабыркады деп жазылат жергиликтүү маалымат булактарында. Алар ооруканага жеткирилип медициналык жардам көрсөтүлдү. Жабыркаган төрт жарандын абалы оор бойдон калууда.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 5-июлда борбор калаадан 48 чакырым алыстыктагы София-Пазарджик аймагындагы Тракия кең көчөсүндө орун алган.

"Кырсык болгон жерге медициналык 13 "Тез жардам" кызматы тартылган. Унаалардын кагылышуусуна коюу түтүн себеп болгон. Жергиликтүү бийлик кырсык болгон жерге жакын жайгашкан Ихтиман шаарындагы таштанды таштоочу жайдан чыккан түтүндүн кесепетинен, ушул абал орун алды деп болжолдоп жатат. Учурда ал жерден чыккан түтүндүн көрүүгө тийгизген таасири текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Болгарияда 40 унаа кагылышкан жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан