Футзал боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы Өзбекстан, Түркмөнстан жана Непалга каршы ойнойт

Бүгүн, 6-июль күнү футзал боюнча 2018-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо этабына тайпалык баскычы үчүн чүчү кулак ташталып, Кыргыз өлкөсүнүн атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт.

Тайпалар:

“А” тайпасы: Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал.

“В” тайпасы: Иран, Тажикстан, Ооганстан.

Кыргыз өлкөсү "А" тайпасына кирип, Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамалары менен ойномокчу.

Тандап алуу этабы 13-22-октябрда орун алат, анын жыйынтыгында ар бир тайпадан 2 команда финалдык этапка өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazel
2017-07-06 16:00:09
Фудболбу же фудзалды админ?
-1
admin_superstan
2017-07-06 16:13:05
nazel, саламатсызбы? Футзал боюнча Азия чемпиондугу.
0
elmurat.kg
2017-07-06 16:04:32
оо жакшы бирок каерде болот тандап алуу .же уй конок болуп ойношобу
0
omurbekFCB
2017-07-06 23:39:03
б тайпасында 3 эле команда экенгоо
0
FCBMESSI
2017-07-07 01:09:57
КР оз тайпасынан чыгууга мумкунчулугу бар алга Кыргызстан алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан