Дзюдо боюнча Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат

Бишкек шаарында 13-14-июль аралыгында "Арча-Бешик" дене тарбия саламаттыкты чыңдоо комплексинде (ФОК) жаштар арасында өтө турган дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда 10 кыргыз спортчу катышат. Бул тууралуу дзюдо федерациясынан билдирет.

Мелдеш 2000-2002-жылкы спортчулар арасында жүрүп, ага 15 өлкөнүн: Кыргыз өлкөсү, Гонконг, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнамдан келген жалпы 158 спортчу катышат.

Кыргыз өлкөсүнүн дзюдо боюнча жаштар курама командасынын тизмеси:

50 килограммга чейинки салмак ченинде - Кубанычбек Айбек уулу;

55 килограммга чейинки салмак ченинде - Кубатбек Куттубек уулу;

60 килограммга чейинки салмак ченинде - Хамид Сансанза;

66 килограммга чейинки салмак ченинде - Нурсалим Иличбек уулу, Сыймык Нурбек уулу;

73 килограммга чейинки салмак ченинде - Адиль Мырзаев, Асад Масабиров;

81 килограммга чейинки салмак ченинде - Амантур Жумали уулу;

90 килограммга чейинки салмак ченинде - Умарбек Амиржанов;

90 килограммдан жогору салмак ченинде - Дастан Сарбатов;

Башкы машыктыруучу: Ислам Баялинов;

Ага машыктыруучу: Сауржан Аматов.

Бишкекте Дзюдо боюнча Азия чемпиондугу өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан