Белгилүү шахматчы Гарри Каспаров кайрадан шахмат талаасына кайтып келет

Дүйнө жүзүнө белгилүү шахматчы Гарри Каспаров 13 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан карьерасын улантуу чечимине келди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдирет.

Маалыматка караганда, Гарри Каспаров АКШнын Сент-Луис шаарында 2-12-август аралыгында өтө турган “Grand Chess Tour” аттуу шахмат мелдешине катышат.

Эскерте кетсек, Гарри Каспаров шахмат боюнча Дүйнөнүн 13-чемпиону. Ал 2005-жылы карьерасын токтотуу тууралуу айткан. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн саясатка арнап, 2012-жылы Орусия оппозициясынын координациялык кеңешинин адиси болгон. Бирок бийлик тарабынан жасалган куугунтуктан коркуп Орусиядан чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dante
2017-07-07 00:56:40
Ойноп коруш керек экен
+1
al-abu-kinesz
2017-07-08 00:32:04
Dante, Каспаров мененби :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан