Эл аралык "BigPicture Natural World Photograhy Competition" жаратылыш сынагына келип түшкөн сүрөттөрдүн финалисттери аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.
2017-жылдын баш байгесин немис фотографы Бритта Яшински (Britta Jaschinski) алган. Анын "Конфискацияланган" ("Confiscated") деген сүрөтүндө мебелге айланган пилдин таманын көрүүгө болот. Аны АКШ бийлиги белгисиз бирөөлөр чек арадан алып өтүүгө аракет кылып жатышканда алып коюшкан.
Пилдин тамандары мамлекетке өткөн соӊ Колорадо штатындагы Денвер шаарындагы атайын сакталчу жайга жеткирилген. Анда атайын коргоого алынган жаныбарлардан жасалган 1 миллиондон ашуун түрдүү буюмдар сакталат.
Жыл сайын өтүүчү сынактын максаты - жаратылыштын кооздугуна жана андагы көйгөйлөргө элдин көӊүлүн буруу болуп саналат. Сынак Калифорния илимий академиясы тарабынан өткөрүлөт.